03:58 26 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD69.0754
  • EUR81.2361
  • RUB1.0494
Ту-154 учагынын кыйраганына байланыштуу дүйшөмбү Россияда аза күтүү күнү деп жарыяланды

Дүйшөмбү кырсык учагына байланыштуу Россияда аза күтүү күнү жарыяланды

© Sputnik / Максим Блинов
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Кара деңизге Ту-154 учагынын кулашы (9)
387 0 0

Акыркы кабарларда учактын ичинде 92 адам болгондугу, анын сегизи экипаж мүчөсү жана 84ү жүргүнчү экени айтылды.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Ту-154 учагынын кыйраганына байланыштуу дүйшөмбү Россияда аза күтүү күнү деп жарыяланганын президент Владимир Путин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Эртең Россия аймагында жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды", — деди Путин журналисттерге.

Россиянын Коргоо министрлиги жекшембинин таңында Ту-154 учагы Адлер аэродромунан көтөрүлгөндөн кийин радардан жоголгондугун билдирген. Министрликтин кошумча маалыматтарында Ту-154 корпусунун калдыктары Кара деңиздин жээктеринде — Сочи аймагында 50-70 метр тереңдиктен табылгандыгы кабарланган. 

Ал эми акыркы кабарларда учактын ичинде 92 адам болгондугу, анын сегизи экипаж мүчөсү жана 84ү жүргүнчү экени айтылды. 64 киши Александров атындагы бий тобунун артисттери Сириядагы Хмеймим аба базасындагы Россиянын Аба космостук күчтөрүнүн аскерлерин Жаңы жыл менен куттуктоо үчүн бараткан. Учакта ошону менен катар эле тогуз журналист, "Справедливая помощь" кайрымдуулук фондусунун башчысы доктор Лиза деген ат менен белгилүү Елизавета Глинка, федералдык мамлекеттик эки кызматкер болгон. 

Журналисттер — Биринчи каналдын, "Звезда" жана НТВ телеканалынын кызматкерлери болуп чыкты.

Тема:
Кара деңизге Ту-154 учагынын кулашы (9)

Тема боюнча

Казакстанда Су-27 учагы түнкү машыгуу учурунда кыйрап түштү
Белгилер:
аза күтүү күнү, авиакырсык, учак, Владимир Путин, Сочи
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ