БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кытай бийлиги 2016-жылдын башынан бери 10 миллион кишини жакырчылыктан чыгарганын РИА Новости "Жэньминь жибоа" гезитине таянып жазып чыкты.
Кытайдын жакырчылык менен күрөшүү комитетинин өкүлү Лю Юнфанын айтымында, жакырчылык менен күрөшүүгө 14,4 миллиард доллар бөлүнгөн.
Октябрь айынын ортосунда борбордук өкмөттүн башкармалыгындагы 51 компаниянын өкүлдөрү өлкөнүн жакыр жашаган аймактарына жардам берүү үчүн атайын 1,82 миллиард долларлык фонду бар инвестициялык фонд түзүшкөн.
Кытайдын айыл чарбаны өнүктүрүү банкы жакынкы төрт жылга (2020-жылга чейин) жакырчылык менен күрөшүү үчүн 460 миллиард доллар бөлүүнү пландоодо. Эми Кытай бийлиги 2020-жылга карата 70 миллион жаранды жакырчылыктан чыгарууну көздөп жатат.
Белгилей кетсек, 2014-жылдын акырында алынган маалымат боюнча 70,17 миллион кытай жараны жакырчылыкта жашаган. Алардын көбү айыл жеринде болуп, бир жылдык кирешеси болгону 376 долларды түзгөн.