РФ элчиси Карловдун өлтүрүлүшүн "Джейш аль-Фатх" террордук уюму өзүнө алды

© © Sputnik / Медиабанкка өтүүМероприятия памяти посла РФ в Турции А. Карлова за рубежом
Мероприятия памяти посла РФ в Турции А. Карлова за рубежом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карловду өлтүргөн полициянын мурдагы кызматкери Мевлют Мерт Алтынташ аталган уюмдун мүчөсү болгон.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун өлүмүнүн жоопкерчилигин "Джейш аль-Фатх" деп аталган террордук уюм өз мойнуна алды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Посол России в Турции Андрей Карлов во время открытия фотовыставки в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Жунусов: элчини өлтүргөн жигит тапанчасын кайра октогуча качып кеттик
Таратылган билдирмеге караганда, Карловду өлтүргөн полициянын мурдагы кызматкери Мевлют Мерт Алтынташ аталган уюмдун мүчөсү болгон. 

Эске салсак, 19-декабрда Анкарада өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде россиялык элчи Андрей Карловго ок атылып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Алган жараатынан улам дипломат көз жумган. Элчиден башка үч адам жабыркаган. Ок аткан кылмышкер жергиликтүү полиция тарабынан ошол жерде атып өлтүрүлгөн.

Россия элчисине кол салуу жеринен алынган сүрөттөрдү Sputnik Кыргызстан сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0