02:55 24 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Анкарадагы Россия элчилиги. Архивдик сүрөт

Анкарадагы РФ элчилиги жайгашкан көчөгө өлтүрүлгөн элчи Карловдун аты коюлат

© REUTERS / Umit Bektas
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
РФтин Түркиядагы элчиси кол салуудан улам каза болду (15)
456 0 0

Учурда Анкаранын жашоочулары россиялык дипмиссиянын имаратына келип, гүл коюп жатат.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Анкарадагы Россия элчилиги жайгашкан көчөгө атып өлтүрүлгөн элчи Андрей Карловдун ысымы берилет. Бул туурасында Түркия ТИМинин жетекчиси Мевлют Чавушоглу билдиргенин РИА Новости жазды.

"Бул туурасында кечээ Түркиянын премьер-министр билдирди. Мырза Карловдун элесин Анкарада да түбөлүккө калтыруу максатында Россия элчилиги жайгашкан көчөгө эми Андрей Карлов атындагы көчө деп аталмакчы", — деди Чавушоглу Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров менен биргеликте Москвада берген маалымат жыйында. 

Анын айтымында, Россия менен Түркия кандуу окуянын уюштуруучуларына эки өлкөнүн алакасына зыян тийгизүүгө жол бербейт. Дипломат бул окуянын күнөөлүүлөрү жазасын аларын кошумчалады. 

Учурда Анкаранын жашоочулары россиялык дипмиссиянын имаратына келип, гүл коюп жатат. Аталган райондо коопсуздук чаралары күчөтүлүп, элчилик жайгашкан көчө катуу кайтарууга алынып жана тосулган. 

Эске салсак, 19-декабрда Анкарада өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде россиялык элчи Андрей Карловго ок атылып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Алган жараатынан улам дипломат көз жумган. Элчиден башка үч адам жабыркаган. Ок аткан кылмышкер жергиликтүү полиция тарабынан ошол жерде атып өлтүрүлгөн.

Россия элчисине кол салуу жеринен алынган сүрөттөрдү Sputnik Кыргызстан фотолентасынан көрүңүздөр>>

Тема:
РФтин Түркиядагы элчиси кол салуудан улам каза болду (15)

Тема боюнча

Ибрагим Жунусов: элчини аткан киши менен тиктешип калганда полиция деп ойлогом
Кыргызстандын ТИМи Түркиядагы орус элчисинин өлтүрүлүшүн кескин сынга алды
АКШнын Түркиядагы элчилигинин жанында ок атылды
Белгилер:
теракт, ок атуу, өлүм, элчи, Мевлют Чавушоглу, Андрей Карлов