АКШнын Түркиядагы элчилигинин жанында ок атылды

© AFP / OZAN KOSEТүркиянын полиция кызматкери. Архив
Түркиянын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америка бийлиги өкүлчүлүгүн орус элчиси Андрей Карлов өлтүрүлгөндөн кийин эле жапкан.

БИШКЕК, 20-дек. —Sputnik. АКШнын Түркиядагы элчилигинин жанында ок атылып, андан эч ким жабыркабаганын РИА Новости мамлекеттик департаментке таянуу менен жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, куралчан адам учурда кармалды.

"Ал Анкарадагы биздин элчиликтин кире беришинен бир нече жолу ок аткан. Түрк бийлиги аталган адамды кармап, учурда териштирүү ишин баштады. Биз алардын ыкчам аракетин жогору баалайбыз", — деп айтылат маалыматта.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев РФтин Түркиядагы элчисинин өлтүрүлүшүн теракт деп атады
Буга чейин Daily Sabah басылмасы куралчан адам АКШ элчилигине кирүүгө аракет кылганын, бирок полиция аны кармап калганын жазып чыккан. 

Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго кол салуу болуп, дипломат алган жарааттарынан улам каза тапкан. РФ ТИМи бул окуяны теракт деп атады. Карловдун өлүмүнөн кийин АКШ өз өкүлчүлүгүн жаап, жарандарын элчиликке келүүдөн баш тартууга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0