"Алепполук жарадар балдардын" жасалма сүрөтүн тарткан фотограф кармалды

© AFP / DELIL SOULEIMANСириялык балдар. Архив
Сириялык балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тартип сакчылардын көңүлүн алгач уранды арасында жүргөн кан болгон ак көйнөкчөн кичинекей кыз бурган. Текшере келгенде "кызыл ала кан" кадимки эле кызыл боек болуп чыккан.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Египеттин полициясы социалдык тармакка Сириянын Алеппосундагы жарадар кишилер менен имараттардын урандысы, кыйналган балдар деп жасалма сүрөт тартып жайгаштырган кишини кармады. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты. 

Аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги Facebook социалдык тармагындагы расмий баракчасына Порт-Саид провинциясында фотографтан сырткары "жабыр тарткан баланын" ролундагы кичинекей актердун ата-энелери да кармалгандыгын жазды. 

Ситуация в Алеппо - Sputnik Кыргызстан
Чыгыш Алепподон 400 согушкер үй-бүлөсү менен чыгып кетти
Полиция бийлик тарабынан түрттүрүлгөн имараттын урандыларында иштеп жаткан камерачан топту капыстан байкап калган. Тартип сакчылардын көңүлүн алгач уранды арасындагы кан болгон ак көйнөкчөн кичинекей кыз бурган. Колунда кармап жүргөн жумшак оюнчук мамалагы да кызыл ала экендигин байкашкан. Текшере келгенде "кызыл ала кан" кадимки эле кызыл боек болуп чыккан. 

Полициянын териштирүүсүнөн кийин гана фотограф аларды Алаппедон алынган сүрөттөр деп интернетке жайгаштырууну максат кылгандыгын мойнуна алган. 

Чагымчыл фотограф иликтөө учурунда төрт күн камакта отурган, ал эми жасалма окуянын калган катышуучулары күрөө коюп, бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0