Иркутск шаарында "Боярышниктен" ууланып каза болгондордун саны 53кө жетти

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир түндө шаардын үч ооруканасында төрт адам каза болсо, андан сырткары 12 киши келип түшкөн.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Иркутск шаарындагы уулануудан өткөн түнү ооруканага түшкөндөрдүн ичинен төрт адам каза болгон. Ушундай эле дарт менен 12 киши түшкөн. Бул туурасында РИА Новости Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык бөлүмүнө шилтеме кылып кабарлады.

"Бир түндө шаардын үч ооруканасында төрт адам каза болду, андан сырткары 12 киши келип түштү", — деп билдирди агенттиккке аталган министрликтин өкүлү. 

Иркутск шаарында дем алыш күндөрү курамында спирт бар "Боярышник" косметикалык каражатын колдонгондор массалык түрдө ууланган. Иликтей келгенде андан метил спирти табылган. Мурдагы кабарларда ууланган 57 кишинин 49у каза болгондугу айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0