БИШКЕК, 20-дек. – Sputnik. Пакистандын эл аралык аба жолдору улуттук компаниясынын кызматкерлери каттам алдында кырсыктан кооптонуп, учуп-конуу тилкесинде эчки курмандыкка чалды. Бул туурасында РИА Новости Express Tribune басылмасына шилтеме кылып кабарлады.
Бул окуя Исламабад шаарындагы эл аралык аба майданда болгон. Мултан шаарына ATR лайнери учууга даярданып жаткан. Аталган үлгүдөгү учак 12-декабрда каттамга чыккан Пакистандын паркындагы аба кемеси эле. 7-декабрдагы 47 адам каза тапкан ATR 42-500 учагынын ири кырсыгынан кийин аларды пайдалануу убактылуу токтотулган.
"Кызматкерлер ATR учактары каттамын жаңылаганына шүгүрчүлүк кылып, курмандык чалды", — деп жазды кызматкерлердин бири.
Pakistan International Airlines компаниясынын расмий өкүлү Даниял Гилани бул компаниянын аба майдандагы иштеген кызматкерлердин демилгеси экенин айтып, менеджменттин буга эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди.
Алардын жекшембилик каттамы кырсыксыз болду.
Пакистанда курмандык чалуу биринчи ирет болуп жаткан жок. Басылманын маалыматына караганда, буга чейин дагы эки авиакомпания учак кырсыктагандан кийин мындан алты жана төрт жыл мурда курмандык чалган.