Британиялык сот 101 жаштагы педофилди 13 жылга кести

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКары адамдын колдору. Архив
Кары адамдын колдору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ральф Кларк Улуу Британиянын тарыхында соттолгон эң улгайган адам болуп калды.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Британиялык сот 101 жаштагы Ральф Кларкты өспүрүмдөргө сексуалдык жактан ыдык көрсөткөнү үчүн 13 жылга кести. Бул туурасында РИА Новости Sky News телеканалына шилтеме кылып кабарлады. 

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев педофил менен бала өлтүргөндөрдү мөөнөтүнөн эрте бошотууга тыюу салды
Буга чейин Бирмингемдин королдук соту сексуалдык жактан 21 ирет зомбулук көрсөткөн Кларкты күнөөлүү деп тапкан. Маалыматта бул ыплас иштерин ал 1970-80-жалдары жасагандыгы айтылган. 

Анын мындай сексуалдык зомбулугунун курмандыктарынын бир катары учурда 45 жашка келип калган. Алар былтыр Facebook тармагынан Кларктын 100 жылдык юбилейине жазылган куттуктоолорду көргөндөн кийин полицияга кайрылышкан. 

Ошентип Ральф Кларк Улуу Британиянын тарыхында соттолгон эң улгайган адам болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0