Кытайда көчө шыпыргыч унаасын туура эмес токтоткон айдоочунун жазасын берди

Жазылуу
Маалыматка ылайык, автоунаа өрт учурунда чыгуу үчүн даярдалган жолду жана көчө шырыгычтын жумушуна барчу жолду тосуп алган. Андыктан ал айдоочуну ушундай ыкма менен жазалоону туура тапкан.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кытайдын Аньхой провинциясында көчө шыпыргыч болуп иштеген киши интернет жылдызына айланды. Ал машинасын туура эмес токтоткон айдоочунун унаасын ондогон таштанды челек менен тосуп, жолун тороп салганын РИА Новости жазып чыкты. 

South China Morning Post гезитинин сайтына жарыяланган 40 секунддук видеодо жумушчу туура эмес токтотулган автоунаанын жолун тороп, таштанды челектерин коюп жатканын көрүүгө болот.

Маалыматка ылайык, автоунаа өрт учурунда чыгуу үчүн даярдалган жолду жана көчө шыпыргычтын жумушуна барчу жолду тосуп алган. Андыктан ал айдоочуну ушундай ыкма менен жазалоону туура тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0