Индонезияда учак кыйрап, 13 адам набыт болду

© flickr.com / US Air ForceС-130 Hercules учагы. Архив
С-130 Hercules учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча учак аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам кырсыктаган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Индонезиялык аба аскер кызматынын учагы кыйрап, кырсыктан 13 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка ылайык, С-130 Hercules учагы Тимика шаарынан Вамена шаарынын жанындагы тоого урунган. Кырсыктан набыт болгондордун сөөктөрү Вамена калаасына жеткирилди.

Ассошиэйтед Пресс агенттигинин жазганынан караганда, учак аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам кыйраган.

Жаңылыктар түрмөгү
0