Бельгияда теракт жасоону пландаган өспүрүмдөр кармалды

© AFP / Nicolas Maeterlinck / Belga Взрывы в Бельгии
Взрывы в Бельгии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык "Ислам мамлекети" террордук тобунун учурда Европа мамлекеттеринде балдардын колу менен теракт жасоо үчүн өспүрүмдөрдү азгыруу аракети күч алууда.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бельгияда рождество жарманкелеринде теракт жасоону пландаган 10 бала кармалганын Laatste Nieuws гезитине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Бул маалыматты өлкөнүн федералдык прокурору Эрик Ван Дер Сипт да тастыктады. Анын айтымында, кармалган өспүрүмдөр террордук уюмдар тарабынан теракт жасоо үчүн даярдалган.

"Балдар интернет аркылуу адамды кантип өлтүрүү керектигин жана бомба жасоонун ыкмаларын үйрөнүп турушкан", — деп айтылат макалада.

Взрыв в городе Кайсери в центральной части Турции - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы жардыруудан улам КР элчилиги Кайсеридеги студенттерден кабар алды
Гезиттин маалыматы боюнча "Ислам мамлекети" террордук тобунун учурда Европа мамлекеттеринде балдардын колу менен теракт жасоо үчүн өспүрүмдөрдү азгыруу аракети күч алууда.

Жума күнү Германиянын батыш аймагында жайгашкан Людвигсхафен шаарында 12 жаштагы ирактык бала рождествого арналган жарманкеде теракт уюштурууга аракет кылган. Өспүрүм жардыруучу затты иштетип, бирок ал жарылбай калган.

ЖМКлардын жазып чыкканына караганда аталган бала "Ислам мамлекетинин" согушкери тарабынан азгырууга дуушар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0