Түркияда университеттин жанында автобус жардырылып, 13 киши каза болду

© AFP / IHLAS NEWS AGENCYВзрыв в городе Кайсери в центральной части Турции
Взрыв в городе Кайсери в центральной части Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы алынган маалыматтар боюнча жардыруунун кесепетинен 13 киши каза болуп, 48 киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Түркиянын Кайсери аймагындагы Эржейиз университетинин маңдайында аскерлерди ташып бараткан автобустун жанында жардыруу болду. Бул тууралуу Sputnik Түркия маалымат агенттиги билдирди.

Полиция на месте взрыва в центре Стамбула, Турция. 10 декабря 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы жардыруулардын жоопкерчилигин күрд радикалдык тобу мойнуна алды
Автобустун жанына башка автоунаа жакындаганда жардыруу болгон. Кайсеринин губернатору Сүлейман Камчынын айтымында жардыруу жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:45те болгон. Акыркы алынган маалыматтар боюнча жардыруунун кесепетинен 13 киши каза болуп, 48 киши түрдүү жаракаттарды алган. Алар аймактык ооруканага жеткирилүүдө. Ошондой эле, жай тургундардын да жаракат алып-албагандыгы да такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0