Трамп АКШнын мамлекеттик катчысы ким болорун айтты

© AFP / MANDEL NGANАКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-ноябрда АКШда президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен республикачыл Дональд Трамп 2017-жылы 20-январда инаугурациядан кийин ишине расмий түрдө киришет. Андан кийин ал өкмөттүн курамындагы министрлердин талапкерлигин конгресске сунуштайт.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп нефть өндүрүүчү ExxonMobil компаниясынын башчысы Рекс Тиллерсонду мамлекеттик катчылыкка дайындаганын РИА Новости агенттиги CNBC телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.

8-ноябрда АКШда президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен республикачыл Дональд Трамп 2017-жылы 20-январда инаугурациядан кийин ишине расмий түрдө киришет. Андан кийин ал өкмөттүн курамындагы министрлердин талапкерлигин конгресске сунуштайт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
WP: Жон Керри Россия менен бир чечимге келүүгө жанталашууда
Рекс Тиллерсон 64 жашта. Остиндеги Техас университетин аяктаган. Ал ExxonMobil компаниясында катардагы инженер болуп иштеп, 1990-жылдары компаниянын Россиядагы долбоорлорун жетектеген.

Тиллерсон ExxonMobil компаниясын 2006-жылдан тарта башкарып келет. 2011-жылы ал "Роснефть" компаниясы менен Арктикада бургулоо иштерин жүргүзүү үчүн келишим түзүүгө жетишкен. 2014-жылы ExxonMobil компаниясы Барак Обаманын администрациясы тарабынан Россияга салынган санкциядан улам долбоорго катышуусун токтоткон. Өз кезегинде Тиллерсон бул санкциялардын таасирдүү болору шек жарата турганын эл алдында айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0