iPhone уюлдук аппаратынын эң биринчи үлгүсү 24 миң долларга сатылып жатат

© AFP / TONY AVELARApple компаниясынын аткаруучу диркетору Стив Джобс эң биринчи үлгүдөгү iPhone уюлдук телефонунун презентациясы учурунда, 9 январь 2007 жыл
Apple компаниясынын аткаруучу диркетору Стив Джобс эң биринчи үлгүдөгү iPhone уюлдук телефонунун презентациясы учурунда, 9 январь 2007 жыл - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Apple компаниясы чыгарган iPhone смартфонунун эң биринчи үлгүсү 2007-жылы 29-июнда сатыкка чыгып, 500 долларга бааланган.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Дүйнө боюнча популярдуулукка жетишкен Apple компаниясынын iPhone смартфонунун эң биринчи үлгүсү Ebay интернет-дүкөнүндө 23 миң 749 долларга бааланып, сатыкка коюлду. Ал буга чейин колдонулган эмес.

Apple компаниясынан аткаруучу директору Тим Кук. Архив - Sputnik Кыргызстан
Apple компаниясы миллиард iPhone сатканын жарыялады
Ушул эле интернет-дүкөндө iPhone смартфонунун дагы бир алгачкы үлгүлөрүнүн бири 19 миң 999 доллар деп көрсөтүлгөн. Буга чейин колдонулган уюлдук аппараттар да жогорку баада сатылып жатат. Интернет-дүкөн смартфондорду дүйнөнүн төрт бурчуна жеткирүүгө даяр. 

Apple компаниясы чыгарган iPhone смартфонунун эң биринчи үлгүсү 2007-жылы 29-июнда сатыкка чыгып, 500 долларга бааланган. Ал эми соңку үлгүдөгү iPhone 7 plus аппараты компаниянын расмий сайтында 769 доллардан сатылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0