Алепподо бир сутка ичинде жүздөгөн согушкер курал таштады

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАлеппо шаары. Архив
Алеппо шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоо министрлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, азыр өкмөттүк аскерий күчтөр аймактын 93 пайызын көзөмөлдөөдө.

БИШКЕК,12-дек. —Sputnik. Алеппонун чыгыш райондорунда бир сутка ичинде 728 согушкер курал таштады. Бул тууралуу РИА Новости согушуп жаткандарды жараштыруу боюнча иш алып барган россиялык борборго таянып билдирди. 

АКШнын аскер күчтөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америка Сирияга дагы 200 аскер жөнөтөт
Маалыматка ылайык, согушкерлер көзөмөлдөгөн аймактардан 13 миңден ашык жай тургун чыгарылып, гуманитардык борборлордо жайгаштырылып жатат. 

Андан сырткары, россиялык аскерлер калаанын чыгыш районундагы миналарды зыянсыздандыруу иштерин улантууда. Ошондой эле саперлор мектеп, бала бакча жана мечиттеги жарылуучу жабдыктарды дагы зыянсыздандырды. 

Буга чейин Сирия армиясы согушкерлер жайгашкан Алеппонун чыгышына чабуул жасашкан. Коргоо министрлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, азыр өкмөттүк аскерий күчтөр аймактын 93 пайызын көзөмөлдөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0