Каирдеги терактыдан кийин үч күндүк аза күтүү жарыяланды

© REUTERS / Amr AbdallahПоследствия теракта в церкви в Каире
Последствия теракта в церкви в Каире - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Египеттин президенти каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Каирдеги чиркөөдө болгон терактыдан кийин өлкө президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси үч күндүк аза күтүү жарыялаганын РИА Новости билдирди. 

"Президенттин администрациясы бүгүнтөн тарта өлкө аймагында үч күндүк аза күтүү жарыялады", — деп айтылат маалыматта.

Фаттах Ас-Сиси терактыны сынга алып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Белгилей кетсек, жекшемби күнү Каирдеги бир нече чиркөө жайгашкан Аббаси комплексинде жарылуу болуп, андан 26 киши каза болуп, 60дай киши жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0