Стамбулдагы терактыдан каза болгондордун саны 38ге жетти

© AFP / OZAN KOSE Взрыв в одном из центральных районов Стамбула
Взрыв в одном из центральных районов Стамбула - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ кечинде Стамбул шаарында арты-артынан эки ирет жардыруу болгон.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Стамбулдагы жардыруудан улам курман болгондордун саны 38ге жетти. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу билдиргенин РИА Новости жазып чыкты. 

Анын айтымында, курман болгондордун ичинен 30у полиция кызматкерлери болгон. 

"155 адам ооруканада жатат. Бул чабуулга Түркияда тыюу салынган Күрдстан партиясынын катышы бар экендиги көрүнүп жатат", — деп билдирген Сойлу.

Взрыв в одном из центральных районов Стамбула - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы жардыруу: кымкуут болгон эл жана полиция
Ал ошондой эле, терактка катыштыгы бар деп шектелген 13 адам кармалгандыгын белгиледи. 

Сойлу буга чейин, теракттан 29 адам курман болгондугун, 166 адам жабыркаганын айтып чыккан.

Эскерте кетсек, ишемби күнү кечинде Стамбул шаарындагы "Водафон Арена" стадионунун жанында жардыруу болгон. Көп өтпөй полиция дагы бир теракт болгондугун кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0