Стамбулдагы жардыруудан каза болгон 29 адамдын 27си полиция кызматкери

© REUTERS / Murad SezerВзрыв в одном из центральных районов Стамбула
Взрыв в одном из центральных районов Стамбула - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин 15 адам каза болуп, 70 киши жабыркагандыгы айтылган.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Стамбулдагы эки ирет жардыруудан улам каза болгондордун саны 29 адамга жетти. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып билдирди.

Взрыв в одном из центральных районов Стамбула - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы жардыруу: кымкуут болгон эл жана полиция
Маалыматка ылайык, ишемби күнү кечинде "Водафон Арена" стадионунун жаныда жардыруу болгон. Көп өтпөй полиция дагы бир теракт болгондугун кабарлаган. Алдын ала маалыматтар боюнча жан кечти өзүн жардырган.

"Каза болгон 29 адамдын 27си полиция кызматкерлери. Ал эми жабыркагандардын саны 166га жетти", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин 15 адам каза болуп, 70 киши жабыркагандыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0