Россиянын "айылчы" депутаттары Мамдуманын расмий сайтына жарыяланат

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПленарное заседание Госдумы РФ
Пленарное заседание Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул чечим регламент боюнча комитетте кабыл алынган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Пленардык жыйынга себепсиз катышпаган Россиянын депутаттары Мамлекеттик думанын кичи палатасынын расмий сайтына жарыяланат. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик дума пленардык жыйындарды жүйөлүү себеби жок калтырган депутаттарга айып пул салуу боюнча регламентке өзгөртүү киргизген.

Мамдуманын регламент боюнча комитетинин башчысы Ольга Савастьянованын айтымында, бул маалыматтар автоматтык түрдө сайтка чыгарылат.

"Бүгүнкү күнү жыйынга катышкандарды карай турган болсок, арасында келбегендер да бар. Андыктан жыйынга катышпаган депутаттар канчалык деңгээлде жүйөлүү себептер менен келбей жаткандыгын аныкташыбыз керек", — деди Савастьянова.

Ал ошондой эле пленардык жыйынга катышпай жаткан депутаттардын тизмеси бар экенин жана иликтене тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0