13:58 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун архивдик сүрөтү

Ислам Каримовдун эстелиги Москва шаарына коюлат

© AFP 2019 / BRENDAN SMIALOWSKI / POOL
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
20010

Ислам Каримовдун эстелигин коюу боюнча чечим бир добуштан кабыл алынган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун эстелиги Москва шаарындагы анын атындагы скверде коюлат. Мындай чечимди Москва шаардык думасынын монументалдык искусство боюнча комиссиясынын жыйынында кабыл алынганын Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди. 

Москва шаарынын Якиманка районундагы скверге октябрь айында Каримовдун аты берилген. Тийиштүү чечимди Москва шаарынын мэри Сергей Собянин кабыл алган. Аталган сквер Өзбекстандын консулдугуна жакын жайгашкан.

"Эстелик коюу чечимин биз бир добуштан колдоого алдык", — деди комиссиянын төрагасы Игорь Вознесенский.

Москва шаарынын бийлиги Каримовго эстелик коюуну пландап жатканы октябрь айынын аягында белгилүү болгон.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 2-сентябрда 78 жашында инсульттан каза болгон. Анын сөөгү кичи мекени Самарканд шаарына коюлган.

Ислам Каримов бийликте турган кезинде тартылган тарыхый сүрөттөрдүн топтомун Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт баянынан караңыз>>

Тема боюнча

Лукашенко Ислам Каримовдун бейитине гүл койду
Каримов доорунан кийин кыргыз-өзбек алакасы боюнча алгачкы документке кол коюлду
Белгилер:
эстелик, Ислам Каримов, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ