21:02 15 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Ымыркай энеси менен. Архивдик сүрөт

Британия: оорукчан кызына карын эне болгон аял өзүнө небере төрөп алды

© AFP 2019 / JEAN-SEBASTIEN EVRARD
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
264 0 0

Жессика дарылануунун алдында дарыгерлердин кеңеши менен 21 жумуртка клеткасын уруктандыруу үчүн тоңдуруп койгон.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Улуу Британияда 45 жаштагы аял оорукчан кызынын кыялын ишке ашыруу максатында, ага карын эне болуп берди. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы жазып чыкты.

Жули Брэдфорд 18 жаштагы кызы Жессика Женкинсинин жатынында рак илдети табылгандан кийин, мындай кадамга барууга аргасыз болгон.

"Үч жыл мурун кызыма коркунучтуу диагноз коюлуп, эне болом деген кыялы талкаланды. Жессика жатындагы шишикти алдыруу үчүн операция жасатып, химеотерапиянын оор курсунан өткөн. Ушуга байланыштуу балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады", — деп билдирген карын эне. 

Жессика дарылануунун алдында дарыгерлердин кеңеши менен 21 жумуртка клеткасын уруктандыруу үчүн тоңдуруп койгон. Кийин анын ону керекке жараган.

Ушул жылдын май айында эмбрион анын энесинин курсагына жайгаштырылып, оорукчан кыздын жолдошу донор болуп берген. 2-декабрда 45 жаштагы аял кызына Жек аттуу эркек бала төрөп берди.

Тема боюнча

Улуу Британия качкын балдардын өлкөгө кирүүсүнө жаш курактык чек койду
Белгилер:
рак, оору, карын эне, Улуу Британия

ЭҢ МААНИЛҮҮ