Кечке чейин иштөөгө нааразы Мамдуманын депутаттары: күйөөлөрүбүз ачка калууда

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПленарное заседание Госдумы РФ
Пленарное заседание Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Мамлекеттик Думасынын айым депутаттары кечки саат сегизге чейин иштөө ден соолукка зыян деген пикирин билдиришти.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Россиянын Мамдумасынын депутаттары Вера Ганзя менен Тамара Плетнева кечки сегизге чейин иштөөгө нааразы пикирин билдирип, үйүндө күйөөлөрү ачка калып жаткандыгын айтышты. Бул тууралуу эл өкүлдөрү Мамдумадагы отурум учурунда билдиришти.

Төраганын биринчи орун басары Иван Мельников буга чейин депутаттар жума күнү 18 сааттан иштөө боюнча күн тартибин бекиткендигин, маселелерди кароо үчүн дагы бир күн — шаршембиде да кечке чейин иштөөгө туура келгенин айтты. 

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүРоссиянын Мамдумасынын депутаты Вера Ганзя
Россиянын Мамдумасынын депутаты Вера Ганзя - Sputnik Кыргызстан
1/2
Россиянын Мамдумасынын депутаты Вера Ганзя
© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүРоссиянын Мамдумасынын депутаты Тамара Плетнева
Россиянын Мамдумасынын депутаты Тамара Плетнева - Sputnik Кыргызстан
2/2
Россиянын Мамдумасынын депутаты Тамара Плетнева
1/2
Россиянын Мамдумасынын депутаты Вера Ганзя
2/2
Россиянын Мамдумасынын депутаты Тамара Плетнева

"Урматтуу төрага, бул маселелерди зарыл түрдө кароонун кереги жок. Кечке чейин иштеп ден соолукка зыян келтирип алышыбыз мүмкүн. Анткени залдагы жарыктандыруу менен таза абанын жетишсиздиги мындай график менен иштөөгө тоскоолдук жаратууда. Мындан сырткары үйгө кеч баргандыктан күйөөлөрүбүз ачка калып жатат", — деди Ганзя.

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Камакка алынган депутаттарга мындан ары айлык төлөнбөйт
Эл өкүлүнүн пикирин депутат Тамара Плетнева колдоп, мындай шартта каралган мыйзам долбоорлор чийки өтүп жатканын кошумчалады.

Ал эми төрага Вячеслав Володин регламентти депутаттар өзүлөрү бекиткендигин айтып, бир орунга 14 адам ат салышкандыгын эске салды. Спикердин орун басары Сергей Неверов шарт жакпай жатса мандаттарын тапшырып, кете берсе болоорун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0