Президент Обама эс алууга 85 млн. доллар сарптаган

© AFP / SAUL LOEB АКШнын президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү
АКШнын президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин үй-бүлөсү бир жылда орто эсеп менен 10 миллион доллар сарптаган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. АКШнын президенти Барак Обама жети жылдык өлкө башчылык кызматында эс алуу менен саякаттоого 85 миллион доллар сарптаган. Бул тууралуу президенттин чыгымын эсептеген АКШнын жашыруун кызматына таянып Judicial Watch уюму билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

АКШга президент болуп шайланган Дональд Трамп үй бүлөсү менен. - Sputnik Кыргызстан
Трамптын президенттик айлыгы 1 долларды түзмөй болду
Маалыматка караганда, президенттин үй-бүлөсү бир жылда орто эсеп менен 10 миллион доллар короткон. Көрсөтүлгөн суммага анын коопсуздугу, учуп жүрүүсү, арендага алынган унаалары, мейманкана жана АКШнын жашыруун кызматынын кызматкерлерине которулган төлөмдөр кирет.

Бул чыгымдар каражаттын толук бөлүгү эмес. Президенттин үй-бүлөсү жыл сайын рождествону Гавайиде өткөрүп келишет. Judicial Watch уюму президенттин үй-бүлөсүнүн 2015-жылы Гавайиде өткөргөн майрамдык чыгымын эсептеп эс алууга 4,8 миллион доллар кеткенин маалымдаган. 

Эске салсак, Обама президенттик тактысын 2017-жылдын 20-январында өткөрүп берет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0