Обама "Ислам мамлекетинин" жаралуусуна АКШнын катасы себепкер экенин мойнуна алды

© AP Photo / Jacquelyn MartinСобрания организации темнокожих членов конгресса в Вашингтоне
Собрания организации темнокожих членов конгресса в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Обама "Ислам мамлекети" террордук уюму менен күрөшүп жаткан Ирактын "Улуттук биримдик өкмөтүнө" 2014-жылдан баштап жардам берүүгө өзгөчө басым жасалып жатканын баса белгиледи.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. АКШнын президенти Барак Обама 2003-жылы Иракка кол салуудан "Ислам мамлекети" жаралганын жана анын пайда болуусуна АКШнын түздөн-түз тиешеси бар экенин мойнуна алды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

"Биз "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы күрөшүп жатып 2003-жылдагы Иракка кол салууда катачылык кетиргенбизди байкадык. Ошол кетирген катабыз үчүн азыр терроризм күч алып, "Ислам мамлекети" калыптанды", — деди Обама Флоридада терроризмге каршы күрөшүү жөнүндө сүйлөп жатып.

Ал ИМ террордук уюму менен күрөшүп жаткан Ирактын "Улуттук биримдик өкмөтүнө" 2014-жылдан бери жардам берүүгө өзгөчө басым жасалып жатканын баса белгиледи.

"Ушундан кийин биз Сирияда жана Иракта терроризм менен күрөштү баштадык. Бирок Американын батальондору менен эмес, жергиликтүү күч түзүмдөрүнө курал, атайын топ, кеңешчилерди берип күрөшө баштадык", — деди Обама.

Анын айтымында, коалиция террористтерге каршы 16 миң аба соккусун жасап, он миңдеген жергиликтүү согушкерге жардам берилген. Мындан улам "Ислам мамлекети" басып алган ири шаар жана аймактарынын теңин жоготкон.

АКШ жана анын союздаштары 2014-жылдан бери Иракта жана Сирияда "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы күрөш жүргүзүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0