Эрдоган Россия менен "Түрк агымы" боюнча макулдашууну ратификациялады

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган макулдашуу боюнча Кара деңиз аркылуу эки магистралдык газ куурун куруу пландалган. Магистралдын ар биринин кубаты 15,75 миллиард куб метр газды өткөрүүгө жетет.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Россия менен биргеликте курула турчу "Түрк агымы" газ куурларын курууну ратификациялады. Бул тууралуу түрк президентинин расмий сайтында маалымдалды.

Россиянын президенти Владимир Путин жана Түркия жетекчиси Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган Путинди Думага шайлоонун ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады
Президенттин чечими шейшемби күнү Resmi Gazete басылмасына жарыяланып, мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди.

Россия менен Түркиянын өкмөттөрү 10-октябрда "Түрк агымы" долбоору боюнча макулдашууга кол коюшкан. Аталган макулдашуу боюнча Кара деңиз аркылуу эки магистралдык газ куурун куруу пландалган. Магистралдын ар биринин кубаты 15,75 миллиард куб метр газды өткөрүүгө жетет. Бул магистралдардын бирөө Түркияга газ жеткирсе, экинчиси Түркия аркылуу Европаны газ менен камсыздоого багытталат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0