15:47 20 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.0539
  • RUB1.0807
Интернет кабельдери

Facebook, Microsoft, Twitter, YouTube террорчулукка каршы чогуу күрөшмөкчү

© AFP 2019 / THOMAS COEX
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
8320

Компаниялар "террорчулардын радикалдуу жана үрөй учурган" видеолору боюнча маалыматтарды алмашып турууну чечти.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Төрт ири компания — Facebook, Microsoft, Twitter жана YouTube кечээ Интернеттеги "террорчулук боюнча материалдарга" күрөшүү демилгесин көтөрдү.

"Биздин тармакка террорчулукту жайылтуу максатында киргизилген контенттерге жол бербейбиз. Мындай өңүттөгү маалымат келип түшкөндө ар бир компания өзүнүн саясатына таянып каршы чараларды көрөбүз", — деп айтылат төрт компания тараткан билдирүүдө. 

Алар бүгүнтөн тарта террорчулардын элди өзүнүн катарына чакыруу үчүн жайгаштырган видеолорун идентификация кылган уникалдуу ыкмалар менен бөлүшө башташат. Бул террорчуларга байланыштуу жазууларды аныктап чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Компаниялар "террорчулардын радикалдуу жана үрөй учурган" видеолору боюнча маалыматтарды алмашып турат. Бул интернеттеги маалыматтарды тазалоого мүмкүнчүлүк түзөт. Бирок компания кардарлары боюнча маалыматтарды бири-бирине бербейт. 

Төрт компаниянын бул демилгеси аларды өз каалоосу менен болбосо да, террордук контентти таратууга катышып жатат деген күнөөгө берилген биринчи жообу. Мындан сырткары, компаниялар бул кадамы менен бир катар, анын ичинде Америка бийлигинин басымына каршы туруу ниетинде. АКШ конгресси интернет аркылуу террорчулукка тартууга аракеттер болуп жатканы үчүн социалдык тармактарда жарыяланган материалдардын мазмунуна катуу көзөмөл салуу сунушун айткан. 

Анткен менен социалдык тармак аркылуу радикалдык топторго, ал тургай согуш жүрүп жаткан Сириядан туруп алып кыргызстандыктарды ага кошулууга үндөгөн фактылар биздин өлкөдө да кездешкен.

Тема боюнча

Иран террорчулукка каршы Россия менен бирге күрөшүүнү күчөтөт
ИМ террордук уюмуна берилген америкалык жигит АКШда теракт жасоону пландаган
Белгилер:
терроризм, YouTube, Twitter, Microsoft, Facebook

ЭҢ МААНИЛҮҮ