АКШ мэрлери мигранттарды депортациялоого каршы чыкты

© AP Photo / Gregory BullМигранты в США
Мигранты в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамп шайлоо алдында Мексика менен АКШнын чек арасына мигранттардын агымын токтотуу үчүн дубал курууга сөз берген. Ошондой эле CBS каналына берген маегинде өлкөдө мыйзамсыз жашаган үч миллионго чейин адамды депортация кыларын айткан.

БИШКЕК, 3-дек. – Sputnik. АКШнын бир нече шаарларынын мэрлери жаңы шайланган президент Дональд Трамптын өлкөдөн мигранттардын көпчүлүк бөлүгүн депортациялоо боюнча саясатына каршы экенин билдиришти. Бул тууралуу El Universal сайтына шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты. 

Мексиканын Мехико шаарында өткөн "Климатты өзгөртүү боюнча чоң шаарлар кызматташуусу" (С40) саммитинде АКШнын Финикс, Сиэтл, Вашингтон шаарларынын башчылары жана Нью-Йорктун вице-мэри жаңы президенттин мындай кадамын колдобой турганын айтышты. 

"Көпчүлүк мигранттарды кетирүүнү каалап жатат, бирок биз буга каршыбыз", — деди Финикс шаарынын мэри Грэг Стэнтон. 

Маалыматта айтылгандай Трамп шайлоо кампаниясында Мексика менен АКШ чек арасына мигранттардын агымын токтотуу үчүн дубал курууга сөз берген. Ошондой эле CBS каналына берген маегинде өлкөдө мыйзамсыз жашаган үч миллионго чейин адамды депортациялай турганын айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0