БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Москва сириялыктарга жардам көрсөтүү үчүн эл аралык гуманитардык уюмдар менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости кабарлады.
Ал Россиянын куралдуу күчтөрү Сирияда мыйзамдын негизинде жүргөндүгүн айтып, бирок, өлкөнүн ички маселелерге кийлигишпегендигин кошумчалады.
"Жардамга муктаж болгон Сирия калкына гуманитардык колдоо көрсөтүүдө эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташууга даярбыз. Бирок бул жардамдар саясий басымдын куралына айланбашы керек" — деди Захарова.
Дипломат мындан тышкары Россиянын куралдуу күчтөрү Сириянын аймагында жергиликтүү бийликтин суранычы менен жүргөндүгүн кошумчалады.