05:17 25 Бугу 2017
Түз эфир
Бельгиядагы сыра сатуучу жай. Архивдик сүрөт

Бельгиянын сыра жасоо маданияты ЮНЕСКОнун тизмесине кирди

© Sputnik / Сергей Пятаков
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
27 0 0

2014-жылы Бельгиянын бийлиги коомчулукту колдоо максатында ЮНЕСКОнун тизмесине картошка фри тамагын да маданий мурас катары киргизүүнү пландаган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бельгиянын сыра жасоо маданияты ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирди. Бул тууралуу РИА Новости аталган уюмдун расмий сайтына таянып жазган. 

"Өлкөдө ар түрдүү ыкма менен жасалган пивонун 1,5 миң түрү бар. Автордук рецепт менен даярдалган суусундук 1980-жылдардан баштап кеңири тарай баштаган",— деп жазылат маалыматта. 

ЮНЕСКО Бельгиянын пиво жасоочуларын кайрымдуулук иштерге көп катышарын, сыра кулинария тармагында да кеңири колдонуларын баса белгилеген.

Бельгиянын сыра жасоочулары пиво ачытуу боюнча мастер-класстарды, университеттерде атайын курстарды өткөрүп, ишкерлер жана жаңы үйрөнчүктөр үчүн сыра жасоону үйрөткөн программаны даярдашкан.

Мындан сырткары 2014-жылы Бельгиянын бийлиги коомчулукту колдоо максатында ЮНЕСКОнун тизмесине картошка фри тамагын да маданий мурас катары киргизүүнү пландаган. Мындай көрүнүш менен өлкөнүн тургундары Бельгияны картошка фринин "мекени" деп атагылары келген.

Сыра жасоо маданиятынан сырткары ЮНЕСКОнун тизмесине Бельгиянын куш салуу, Бенш, Брюгге, Алст шаарларындагы карнавал жана жүрүштөр, жыл сайын өткөрүлгөн кышкы жарманке киргизилген. Синт-Ливенс-Хаутемдеги мал базары, мындан сырткары Герардсберген шаарындагы нан менен от күнү сыяктуу күндөр мурас катары катталган.

Тема боюнча

Батыш Тянь-Шанды ЮНЕСКОнун материалдык эмес тизмесине киргизүү каралууда
Ноорузду ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүгө 12 өлкө макул болду
Белгилер:
сыра, тизме, ЮНЕСКО, Бельгия

ЭҢ МААНИЛҮҮ

  • Дарыканада кезекте турган адамдар. Архив

    Бахила сатып алууга мажбурлоо менен медициналык мекемелер 100 миңге чукул каражат табарын көпчүлүк этибарга албаса керек. А бирок, ооруканаларга баш баккандардан акча өндүрүүгө министр тыюу салган. Биздин колумнист жана кабарчыбыз Максат Элебесов бул көрүнүшкө көз жуумп кое албастан, иликтеп чыккан.

    526
  • Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы журналист Каныбек Иманалиев НТС каналынын Кайгуул ТВ программасынын алып баруучусу, журналист, Азият Жекшеевден интервью алды.

    Биз окурмандарга башкача өңүттөгү маектерди тартуулоого ниеттендик. Бул рубрикабызда интервьюну журналисттер эмес, алардан саясатчылар алат. Төмөндө Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы журналист Каныбек Иманалиевге НТС каналынын "Кайгуул ТВ" программасынын алып баруучусу, журналист, Азият Жекшеев интервью берди.

    1522
  • Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева

    Кырсык менен оору айтпай келет. Өлүм алдында жаткан адамга жардам берүүнүн жолу ар түрдүү. Маселен, сенин тамырыңда айланып жаткан кан башка бирөөнүн жүрөгүнө жетиши мүмкүн. Донорлуктун жол-жобосу тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова билип көрдү.

    276