Колумбияда кырсыктаган учак электр техникасындагы бузулуу тууралуу кабар берген

© REUTERS / Guillermo OssaКрушение самолета с бразильскими футболистами на борту в Колумбии
Крушение самолета с бразильскими футболистами на борту в Колумбии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авиакырсыкка кабылган Бразилиянын футболчулары Түштүк Американын башкы байгеси үчүн күч сынашууга бара жаткан. Андагы 81 адамдан 13 гана жүргүнчү аман калган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Колумбияда авиакырсыкка кабылган учактын электр жабдыктары бузулганы тууралуу РИА Новости Франс Пресс агенттигине шилтеме берип малымдоодо.

Медельин аэропортунун администрациясы билдиргендей, экипаж өзгөчө кырдаал боюнча жергиликтүү убакыт боюнча 22.00дө кабар берген. 

"Алар электр жабдууларындагы бузулуулар жөнүндө кабарлашкан", – деп айтылат таратылган кабарда. 

Агенттиктин маалыматы боюнча LAMIA авиакомпаниясынын учагы Бразилиядан чыгып, Колумбияга сапар алар алдында Боливиянын Санта-Круз шаарында токтогон. Буга чейин кырсыкка кабылган учактын күйүүчү майы түгөнүп калганы тууралуу Ла-Сеха шаарынын мэри билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0