БУУ Түндүк Корея боюнча резолюция долбоорун иштеп чыгышты

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүБириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны. Архив
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-сентябрда БУУнун Коопсуздук Кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, жыйынтыгында Түндүк Кореяга карата чара колдонуу үстүндө иштөө чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин беш мүчөсү Түндүк Кореяга карата резолюция долбоору боюнча бир чечимге келгени тууралуу Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Гэн Шуан билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдады. 

Последствия сильной засухи в Камбодже - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: өзөктүк согуш суунун талаштыгынан улам чыгышы мүмкүн
Буга чейин Рейтер агенттиги билдиргендей, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын сентябрда өзөктүк куралды сынаганына каршы жаңы санкцияларды киргизүү боюнча шаршемби күнү добуш берүү өткөрүүгө даяр. Батыш өлкөлөрүнүн бир дипломаты билдиргендей, Түндүк Кореяга карата колдонула турган жаңы чектөөчү чаралар көмүрдү Кытайга экспорттоосуна таасирин тийгизет.

Түндүк Корея 5-сентябрда үч баллистикалык ракетаны сынаган. Бул ракеталар миң чакырым аралыкта жайгашкан Жапониянын аба коопсуздугу чегине жеткен. Ал эми 9-сентябрда болсо, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тыюу салуусуна карабастан бешинчи өзөктүк куралын сынаган.

9-сентябрда БУУнун Коопсуздук Кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, жыйынтыгында Түндүк Кореяга карата чара колдонуу үстүндө иштөө чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0