Сауд Аравиясына кар түштү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКар куроо. Архив
Кар куроо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык округдардын райондорунда абанын температурасы төмөнкү деңгээлге түшүп кар жаап, чөлдөгү кумду жаап калган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Сауд Аравиясына кар жаагандыгы тууралуу РИА Новости королдуктун Метеорологиялык башкармалыгына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

​Маалыматка караганда, алгач катуу жааган жаандан улам бир катар шаарлар менен айылдарда сел жүргөн. 

Мындан тышкары шаардык округдардын райондорунда абанын температурасы төмөнкү деңгээлге түшүп кар жаап, чөлдөгү кумду жаап калган. 

​Метеорологиялык башкармалык катуу жаан Эр-Риядда, Чыгыш провинциясында, Мекке менен Медина жана королдуктун түштүк батышында күтүлүп жаткандыгы билдирген. Буга байланыштуу Жарандык коргонуу кызматы элди сак болууга чакырды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0