Түркия бийлиги 62 козголоңчуну өмүр бою абакка отургузууну талап кылууда

© REUTERS / MURAD SEZERПопытка военного переворота в Турции
Попытка военного переворота в Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Козголоңчулардын катышуусундагы аскерий төңкөрүлүштүн кесепетинен 240 жаран каза болуп, 2 миңден ашык адам жаркат алган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Стамбулдун прокуратурасы үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда аскердик төңкөрүш жасоого катышкан деп шектелген 62 аскер кызматкерин өмүр бою эркинен ажыратууну ниеттенүүдө. Бул тууралуу РИА Новости NTV телеканалына таянуу менен кабарлады. 

Түркияда төңкөрүш аракетинен кийинки абал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда төңкөрүш аракетинен кийин дагы 820 аскер адамы бошотулду
Документтерге ылайык, Сабиха Гекчен атындагы аэропортту басып алууга катышкандардын катарында 62 аскер кызматкери болгон. Айыптап жаткан прокуратура аларды өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну талап кылууда. Анткени 16-июлда түнү менен болгон аскерий төңкөрүштүн кесепетинен 240 жаран каза болуп, эки миңден ашык адам жаракат алган. 

Бийликти кулатуу аракети негизинен Стамбул менен Анкара шаарларында болгон. Кийин учурдагы бийлик бул аракеттерге Фетхуллах Гүлендин байланышы бар деп айтып чыгышкан. Өз маалында ал бул айыптоолорду четке каккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0