WP: Жон Керри Россия менен бир чечимге келүүгө жанталашууда

© REUTERS / KEVIN LAMARQUEАКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуу учурунда. Архив
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Керри Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Перуда өткөн АТЭС саммитиндеги жолугушуудан тышкары, бир жуманын ичинде эки жолу телефон аркылуу сүйлөштү.

БИШКЕК, 28-ноя. —Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жакын арада кызматын тапшыраарына карабай Россия менен Сириянын Алеппосу тууралуу бир пикирге келүү аракеттерин көрүүдө. Бул боюнча Washington Post гезитине шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

"Кетерине аз калган мамлекеттик катчы Жон Керри Алеппо боюнча Россия менен макулдашуу үчүн болуп көрбөгөндөй аракеттерин жасоодо. Мисалы, Керри жакында эле Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Перуда өткөн АТЭС саммитиндеги жолугушуудан тышкары, бир жуманын ичинде эле эки жолу телефон аркылуу сүйлөштү", —делет билдирүүдө. 

Выборы президента США - Sputnik Кыргызстан
Трамп Россиянын лидери Путин менен байланышууну пландап жатат
Маалыматка караганда Керри жаңы шайланган Дональд Трамп милдетин аткарууга киришкенде Москва менен өзү каалагандай сүйлөшүп, жыйынтыгында Вашингтон Асад тарапта болуп калат деп кабатырланууда. 

Бул маалыматты орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков дагы тастыктап, Керри менен Лавров буга чейин бир эле темада мынча көп сүйлөшпөгөнүн айтты. 

Дональд Трамптын администрациясы келерки жылдын 20-январына белгиленген инаугурациядан кийин ишке киришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0