АКШ: укук коргоочулар мечиттердеги коопсуздукту күчөтүүнү суранышты

© AFP / MANDEL NGANСотрудники полиции США
Сотрудники полиции США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сан-Хосе шаарындагы полиция башкармалыгынын жетекчиси Энрике Гарсия иликтөө иштери башталганын кабарлады.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. АКШнын Калифорния штатынын укук коргоо топтору мечиттердеги коопсуздук чараларын күчөтүү өтүнүчү менен органдарга кайрылышканын РИА Новости маалымдады.

Лос-Анжелес жана Сан-Хосе шаарларындагы мечитке белгисиз бирөөлөр коркутуу максатында атайын кат жолдошкон. Ал катта "шаардын жаңы шерифи эми президент Дональд Трамп болот. Исламды тутунгандарды жаңы президент Трамп Гитлер еврейлерди кырган сыяктуу кылат" деп жазылган.

Сан-Хосе шаарындагы полиция башкармалыгынын жетекчиси Энрике Гарсия бул катка олуттуу маани берип, иликтөө иштерин баштаганын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0