"Трамп мунарасы" Google картасында "таштанды мунарасына" айланды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүГорода мира. Нью-Йорк
Города мира. Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары бул нерсени тамаша катары кабыл алышты.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Нью-Йорктогу "Трамп мунарасы" бир канча убакытка чейин "таштанды мунарасы" болуп алмашып калганын РИА Новости агенттиги Американын ЖМКлары менен социалдык тармактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Аталган имараттын чыныгы аталышы Trump Tower. Бирок Google картасында ал бир канча убакытка чейин Dump Tower деп аталып калган.

"Бешинчи авенюдагы бул имарат президенттик шайлоодо Трамптын жеңишинен кийин туристтер эң көп келген жайга айланган. Андан улам Трамптын жан сакчылары бул аймакты курчоого алышкан. Бирок, интернетте аны жамандап жазгандардын саны кыскарган жок", — деп жазат BuzzFeed сайтынын журналисти Сальвадор Хернандез.

​Ал эми Tedandfran басылмасы Google компаниясы Трамп мунарасын "таштанды мунарасы" деп жазып чектен ашты деп белгилейт.

​Кийин Google өз картасынан аталган даректе Trump аталышындагы имарат бар деп өзгөрткөн.

BuzzFeed басылмасы Google компаниясына бул окуя боюнча түшүндүрмө берүү үчүн кайрылган. Бирок жооп келген эмес.

Картадагы компаниялардын аталыштары буга чейин да алмаштырылып келгенин басылма баса белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0