Лос-Анжелесте ири автоунаа тыгыны катталды

© AP Photo / KABC-TV via APГигантская автомобильная пробка в канун Дня благодарения в Лос-Анджелесе
Гигантская автомобильная пробка в канун Дня благодарения в Лос-Анджелесе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол тыгындын узундугу тактала элек, бирок шаардын башынан аягына чейин уланат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Лос-Анжелесте ыраазычылык билдирүү күнүнүн алдында узундугу бир нече чакырымга жеткен ири унаа тыгыны катталды. Бул тууралуу ABC7 телеканалы Facebook баракчасына жарыялаган.

Ири автоунаа тыгыны Лос-Анжелес менен Сан-Фернандону байланыштырган жолдо катталган. Ал Калифорния штатынын чыгыш жана батыш бөлүктөрүн бириктирет. Мындан улам бул жакта дайыма унаа көп. Жол тыгындын узундугу тактала элек, бирок видеодо көрсөтүлүп тургандай, шаардын башынан аягына чейин созулат.

АКШда өткөрүлө турган Ыраазычылык билдирүү күнү ноябрдын бейшембисинде болот. Бул майрамда миңдеген америкалыктар өз унаалары менен саякатка барышат.

Кечки Бишкектеги автотыгындын асмандан көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0