"Убакытты токтотуу" үчүн Роналду чечинип, Кардашьян кайра төрөгөндө

© AFP / GERARD JULIEN Белгилүү футболчу Криштиану Роналдунун архивдик сүрөтү
Белгилүү футболчу Криштиану Роналдунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Флешмобдун шартына ылайык, катышуучулар кокусунан убакыт токтоп калгандай түр көрсөтүп, баары ар кандай абалда катып калышат.

БИШКЕК, 23-ноя. – Sputnik. "Убакытты токтот" аттуу флешмоб дүйнө жүзү боюнча соңку бир айдан бери социалдык тармактарда модага айланды. Бул флешмобго жөнөкөй жарандар эле эмес, дүйнөлүк жылдыздар, спортчу, саясатчылар, жада калса иттер да катышууда. 

Анда кокусунан убакыт токтоп калгандай түр көрсөтүп, баары ар кандай абалда катып калышат. Видеолорун "Останови время" же "Mannequinchallenge" деген хэштег менен жарыялап, досторуна эстафета менен узатышууда. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги "убакытты токтоткон" атактууларды тизмектеди.

Белгилүү рэпер Тимати "Black star" бургеринде ашканасынан баштап сыртта кезек күткөндөргө чейин тартып, убакытты токтотушкан. 

Тиматиден эстафета алган Егор Крид өзгөчөлөнүп, манекендер менен флешмоб уюштурган.

Россиялык ырчы Дима Билан Крокус Сити Холл залында концерт учурунда "убакытты токтотту". 

Dream Team 💙💙☘🙇🏿 #MannequinChallenge

Видео опубликовано ROBERT KARDASHIAN (@robkardashian) Ноя 10 2016 в 2:55 PST

Америкалык жылдыз Роб Кардашьян үй-бүлөсү менен төрөт учурундагы көрүнүштү сүрөттөп катышкан. 

Белгилүү футболчу Криштиану Роналду бул эстафета үчүн ич кийимине чейин чечинген. 

АКШнын президенттигине талапкер болгон Хиллари Клинтон 8-ноябрь шайлоо күнү учактын ичинде убакытты токтоткон. 

Флешмобго Россиядагы Мамлекеттик Думанын "Единая Россия" партиясынын депутаттары дагы катышып жумуш учурунда "убакытты токтотушкан". 

Адамдар эле эмес, иттер да бул флешмобго катышып коомчулукту таң калтырууда. 

Мындан кыргызстандыктар да четте калбай өзгөчөлөнүп, эки жаш үйлөнүү тоюнда "убакытты токтотууга" жетишкен. 

Эске сала кетсек, бул флешмобго Sputnik Кыргызстан агенттигинин чыгармачылык жамааты да катышып, кезекти башкаларга узатты.

Жаңылыктар түрмөгү
0