Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионун Германиядан өлтүрүп кетишти

© Фото / Creativ3mindsКикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, татарстандык Муса Мусалаев. Архив
Кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, татарстандык Муса Мусалаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муса Мусалаев 2013-жылы спорттук карьерасын аяктагандан кийин үй-бүлөсү менен Германияга көчүп кеткен. Каза болгон спортчунун орус мафиясы менен байланышы болгон деген маалымат боюнча полиция түшүндүрмө бере элек.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, татарстандык Муса Мусалаевди Германиядан өлтүрүп кетишкенин РИА Новости Augsburger Allgemeine гезитине шилтеме берүү менен билдирди.  

Маалыматка ылайык, 37 жаштагы спортчуну өткөн жума күнү беткап кийген белгисиз киши атып, окуя болгон жерден машинага түшүп изин жашырган.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Караколдогу медколледждин директору эмнеге өлтүрүлгөнү аныкталды
Учурда полиция шектүүнүн сары изине түшүп, анын жети ай мурда катталган ушул сыяктуу окуяга тийиштигинин бар-жогуна текшерип жатат. Эскерте кетсек, жазында Баден-Вюртемберг аймагынан кикбоксинг боюнча дүйнөнүн башка чемпиону атып өлтүрүлгөн.

Ал эми жума күнү каза болгон Мусалаевдин орус мафиясы менен байланышы бар деген имиштер боюнча полиция түшүндүрмө бере элек.

"Татарстандын ханзаадасы" лакап аты менен белгилүү Муса Мусалаев түрдүү категория боюнча дүйнө чемпиону болгон. Андан тышкары, тай боксу боюнча мелдештерде жеңишке жеткен. 2013-жылы спорттук карьерасын аяктагандан кийин үй-бүлөсү менен Германияга көчүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0