Дизайнер Хилфигер: Мелания Трампка кийим тиккен модельер сыймыктанышы керек

© Sputnik / Кевин Даунс / Медиабанкка өтүүСъезд Республиканской партии в США
Съезд Республиканской партии в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык дизайнер Томми Хилфигер кийим тигүү маселесин саясатка аралаштырбаш керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 22-ноя — Sputnik. АКШнын биринчи айымы Мелания Трампка кийим тигүү шыбагасы тийген модельер сыймыктанышы керек деген пикирин билдирген америкалык дизайнер Томми Хилфигер. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Мелания абдан сулуу айым, ошондуктан ага кийим тигип берүүгө мүмкүнчүлүк алган модельер сүйүнүшү керек",— деп билдирген Хилфигер Women's Wear Daily журналына маек берип жатып.

Ал кийим тигүү маселесин саясатка аралаштырбоо керектигин айткан.

"Бардык дизайнерлер Мишель Обаманы да кийинтүүгө куштар болушкан. Меланияны же Трамтын кызы Иванканы кийинтүүдөн өткөн сонун жана жагымдуу учурда таба албайбыз. Кийим тигүү маселесин саясатка аралаштырбашыбыз керек ", — деп белгилеген модельер.

Мелания Трамп 83-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде. Лос-Анжелес - Sputnik Кыргызстан
АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп. Камкор эне жана сүйкүмдүү жар
Эске салсак, мурда Мишель Обаманы кийинтип жүргөн француз дизайнери Софи Телле АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп менен иштешүүдөн баш тартып, башка дизайнерлерди да бул каршылык акциясын колдоого чакырган.

Дизайнер Телле дискриминацияга, басмырлоого каршы экенин баса белгилеген. Анын айтымында, Трамптын шайлоо кампаниясында расизм, сексизм жана ксенофобия тууралуу көп айтылган. Телле өзү АКШга мигрант катары келгенин жана Мишель Обама үчүн акыркы сегиз жылда кийим тигип берүү ал үчүн ыйык милдетке айланганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0