Илимпоздор ВИЧтин жыныстык жол менен жугуусуна бөгөт койгон дары ойлоп табышты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүВсероссийская акция "День донорского совершеннолетия"
Всероссийская акция День донорского совершеннолетия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган дары испаниялык биологдор тарабынан иштелип чыгып, СПИДдин вирусунун өрчүүсүнө тоскоолдук жаратат.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Окумуштуулар ВИЧтин жыныстык жол менен жугуусуна бөгөт койгон дары ойлоп табышты. Бул тууралуу РИА Новости Journal of Infectious Diseases журналына таянуу менен кабарлады.

Аталган дары испаниялык биологдор тарабынан иштелип чыгып, организмдеги СПИДдин вирусунун өрчүп кетүүсүнө тоскоолдук жаратат. 

Барселона университетинин окумуштуусу Дэниел Подзамчердин айтымында, бул дарыны бир нече күн ичүү керек. 

"Бир канча дарыдан турган антивирустук терапия (HAART) түп тамыры менен илдетти жок кыла албайт. Ал болгону вирустун көбөйүүсүнө тоскоолдук жаратып, бир орунда кармап турат. Адам дары ичүүнү токтотоору менен ал ойгонуп, иммундук системаны жеп баштайт", — деди Дэниел Подзамчердин. 

Анын айтымында, аталган дары эркектин уруктугуна кирген вирустарды тазалап, бир нече убакыттан кийин коркунучсуз кылат. Ошентип препарат ВИЧтин жыныстык жол менен жугуусуна бөгөт коет.

Жаңылыктар түрмөгү
0