АКШ Европада теракт болушу мүмкүндүгүн айтты

© REUTERS / Gonazlo FuentesПариж шаарындагы полиция кызматкерлери. Архив
Париж шаарындагы полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ Европадагы жарандарын бардыгына даяр болуп, капысынан болуп кете турчу кол салуулардан алыс болуу үчүн эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырды.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик департаменти "Европанын бардык аймагында" майрам күндөрү теракт коопсуздугу жогору экенин расмий түрдө эскерткенин РИА Новости билдирди.

"Алдын ала такталган маалыматтар боюнча "Ислам мамлекети", "Аль-Каида" террордук тобу курорттук сезонду эске алуу менен теракт уюштурууну пландап жатат", — деп айтылат мамлекеттик департамент тараткан билдирүүдө.

Андыктан АКШнын жарандарын бардыгына даяр болуп, капысынан болуп кете турчу кол салуулардан алыс болуу үчүн эл көп чогулган жерлерге барбоону сунуштайт.

"Европа бийлиги террористтердин түрдүү аракеттеринин алдын алуу боюнча иштерди аткарууда. Биз европалык өнөктөштөрүбүз менен эл аралык терроризмдин коркунучтары боюнча тыгыз иштеп жатабыз", — деп айтылат документте.

Кабулдагы жардыруу болгон жердеги полиция кызматкери. - Sputnik Кыргызстан
Кабулда бир күндө эки ирет жарылуу болуп, бир киши мерт кетти
Акыркы жылдары Европада терактылар бат-баттан болуп келет. Алардын ичинен эң ириси Парижде 2015-жылы ноябрда болгон кол салуу эсептелет.

2015-жылы 13-ноябрда террористтер Париж менен Сен-Дени аймагында терактыларды ишке ашырган. Жан кечти "Стад де Франс" стадионунун жанында өзүн жардырып жиберген. Дагы бир топ Париждин түндүк-чыгышындагы кафеге кол салышкан. Үчүнчү топ "Батаклан" концерттик залынан көрүүчүлөрдү барымтага алган. Жалпысынан бул кол салуудан 130 киши каза болуп, 350дөн ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0