Араб Эмиратындагы бизнесмен унаасына 8 млн. долларга номер сатып алды

© AFP / KARIM SAHIBАукцион по продаже автомобильных номеров в Абу-Даби
Аукцион по продаже автомобильных номеров в Абу-Даби - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда болсо 01 KG 777ААА мамлекеттик номери 25,2 миң долларга (1 миллион 716 миң сом) сатылган. Онлайн-аукционду Мамлекеттик каттоо кызматы өткөргөн.

БИШКЕК, 21-ноя — Sputnik. Абу-Дабиде өткөрүлгөн аукциондо эмираттык ишкер эксклюзивдүү "1" унаа номерин 8,45 миллион долларга сатып алды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКга шилтеме кылып РИА Новости билдирди.

"Мен бул номер үчүн каалаган акчаны төлөөгө даяр элем. Өзгөчө номерлерди алуу үчүн мындай аукциондорго көп катышам", — деп Gulf News басылмасына 32 жаштагы ишкер Абдулла аль-Махри билдирген.

Соска с деньгами - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо: "өзгөчө" номер сатуунун эсебинен 548 балага жөлөк пул төлөөгө болот
Аукциондо өзгөчө номерлер жалпысынан 26,9 миллион долларга сатылды. Анда Бириккен Араб Эмиратынан эки ишкер дагы катышып, бирөөсү "7" санынан турган номерди 3,65 миллион долларга алса, экинчиси "50" номерин 1,85 миллион долларга сатып алды. 

2008-жылы эмираттык ишкер Саид аль-Кхури "1" номери үчүн 14 миллион доллар төлөгөн. Бул Эмиратта сатып алуунун эң жогорку көрсөткүчү болгон.

Ушул жылдын октябрь айында жол жана транспорт башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн аукциондо Дубайда жашаган индиялык ишкер "5" номери үчүн 8,9 миллион доллар берген. 

Ал эми Кыргызстанда болсо 01 KG 777ААА мамлекеттик номери 25,2 миң долларга (1 миллион 716 миң сом) сатылган. Онлайн-аукционду Мамлекеттик каттоо кызматы өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0