Сириянын түндүгүндө түркиялык бир аскер каза таап, бешөө жаракат алды

© AFP / BULENT KILICОперация турецкой армии на севере Сирии
Операция турецкой армии на севере Сирии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын армиясы 24-августтан тарта "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшүү үчүн "Евфрат калканы" операциясын баштаган.

БИШКЕК, 21- ноя. — Sputnik. Сириянын түндүгүндөгү "Евфрат калканы" операциясынын учурунда "Ислам мамлекети" террордук тобунун соккусунан жана жол кырсыгынан түркиялык бир аскер каза таап, бешөө жаракат алды. Бул кабарды РИА Новости Түркиянын Башкы штабынын маалыматына таянып таратты. 

"Ислам мамлекети" террордук тобунун соккусунан биздин эки аскерибиз жарадар болду. Ал эми Нуман районундагы жол кырсыгынан дагы бир жоокер каза таап, үчөө жаракат алды", — деп айтылат аталган ведомство тараткан маалыматта. 

Түркиянын армиясы 24-августтан тарта "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшүү үчүн "Евфрат калканы" операциясын баштаган. Алар сириялык оппозиция менен биргеликте чек арадагы Жараблус шаарын алып, эми түштүк-батыш тарапты көздөй бара жатат. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, операциянын максаты — 5 чарчы чакырым аянттан террорчуларды тазалап, качкындар жайгаша турган коопсуз аймак түзүү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0