Улуу Британия качкын балдардын өлкөгө кирүүсүнө жаш курактык чек койду

© Sputnik / Ирина Калашникова / Медиабанкка өтүүКала лагериндеги качкындар. Архив
Кала лагериндеги качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун балдар укугу боюнча комитети Франция менен Улуу Британия мигрант балдардын маселесин чечүүдө жасай турган иштерин аягына чыгарбаганын белгилеген.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Улуу Британия мигранттардын Кала лагеринде жайгашкан качкын балдарды кабыл алууда жаш курактык чектөө койду. Бул тууралуу Times гезитине шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты. 

Кемедеги качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер Ортолук деңизде кайык оодарылып, жети мигрант каза болду
Маалыматка ылайык, ушул жумада өлкөнүн Ички иштер министрлигинин токтому менен Улуу Британияга Сирия менен Судандан келген 15 жашка чейинки балдар гана өз алдынча кире алат. Мындан тышкары башка мамлекеттерден 12 жашка чейинки балдардын кирүүсүнө уруксат берилет. Ошондой эле мындай укук Англияда тууган-уругу жашаган балдарда болот.

БУУнун балдар укугу боюнча комитети Франция менен Улуу Британия мигрант балдардын маселесин чечүүдө жасай турган иштерин аягына чыгарбаганын белгилеген. Париж менен Лондондун ортосундагы келишпестиктен улам жүздөгөн бала эч кандай шарты жок, ачка күн кечирүүгө аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0