Кыргызстандык жаран баштаган 7 киши Стамбулда 9,5 млн. доллар менен кармалды

© AFP / OZAN KOSEСтамбул шаарынын Ататүрк аэропортундагы полиция кызматкерлери. Архив
Стамбул шаарынын Ататүрк аэропортундагы полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк полициясы кармалган жарандар эмне себептен мынча көп каражатты Түркияга алып келгенин текшерип жатат.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарындагы Ататүрк аэропортунда жети киши 18-ноябрда (А.У., Х.Ө., Х.А., З.К., Б.С., Д.Т. жана Т.К. аттуу жарандар) декларацияланбаган 9,5 миллион доллар менен кармалды. Арасында Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандары бар экенин haberler.com сайты билдирди. 

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Атамбаев-Порошенко сүйлөшүүсүн" уюштургандарга тиешеси бар КР жараны кармалды
Маалыматка ылайык, террорчулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери аэропортко келип конгон учактан чыккан 7 кишинин аракетинен шектенип, атайын бөлмөгө алып келип текшеришкен. Алгачкы маалыматтар боюнча шектүүлөрдүн арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары да бар. Алардын баштыктарын текшере келгенде декларацияланбаган 9,5 миллион доллар чыккан.

Кармалган жарандар финансылык иштер менен алектенген атайын башкармалыкка тапшырылды. Түрк полициясы кармалган жарандар эмне себептен мынча көп каражатты Түркияга алып келгенин текшерип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0