Ирак: полициянын 300 кызматкерин согушкерлер Мосулдун жанында өлүм жазасына тартты

© REUTERS / REUTERS TV"Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери
Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскерлер чогуусу менен көмүлгөн жайды тапкандар анын туурасы 50, ал эми узундугу 100 метр экендигин айтышты.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери полициянын 300дөн ашуун кызматкерин Мосулдун жанында өлтүрүп, андан соң көөмп салышкан. Бул туурасында РИА Новости Human Rights Watch (HRW) уюмунун тараткан маалыматына шилтеме кылып билдирди.

Тобу менен аңга ташталып көмүлгөн жер Хаммам эль-Алиль шаарында деп айтылат маалыматта. Укук коргоочулар полициянын мурдагы кызматкерлери өткөн үч аптанын ичинде топ-тобу менен өлтүрүлгөндүгүн айтышууда. Акыркы маалыматтарга караганда, согушкерлер 300дөн ашуун полиция кызматкерлерин атып жана ар бирин мууздап чыккан. 

Ирак аскерлери Мосулдун чыгыш тарабында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ирак аскерлери "Ислам мамлекети" террордук тобун жеңдик деген баракча таратты
Аскерлердин чогуусу менен көмүлгөн жай өткөн аптанын башында табылган. Күбөлөр буларды согушкерлер алгач туткун катары кармап туруп, андан кийин баштарын алып баштаган деген пикирин айтышууда. Көрүстөндүн туурасы 50, ал эми узундугу 100 метр экендиги, ал Мосулдан түштүктү көздөй отуз чакырым аралыктагы жерде жайгашкандыгы маалымдалды. 

Буга чейин "Ислам мамлекетинин" согушкерлери Ирактагы Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкерлеринин клубунун 259 мүчөсүн жана Хаммам эль-Алиль шаарынын 1,5 тургунун уурдап кеткендиги кабарланган. 

Ирактын түндүк тарабындагы Мосул аймагын 2014-жылы басып алган "Ислам мамлекети" террордук тобунан куткаруу боюнча аракеттер 17-октябрдан тарта башталган. Ага Ирактын аскерлери, жергиликтүү кошуундар, күрддөрдүн күчтөрү жана АКШ башында турган эл аралык коалициянын аскер аба күчтөрү катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0