Түрк полициясы Ван шаарынын мэрин кармады

© REUTERS / Murad SezerТүркиянын полиция кызматкери. Архив
Түркиянын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар мэри Күрдстан жумушчулар партиясы менен байланышканы үчүн түрмөгө отуруп чыккан

БИШКЕК, 17-ноя.— Sputnik. Түрк полициясы Ван шаарынын мэри Бекир Кайяны кармады. Бул тууралуу РИА Новости DHA агенттигине шилтеме кылып жазды.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган Өзбекстан менен Пакистанга иш сапары менен барат
Учурда мэриянын имаратында иликтөө иштери жүрүүдө. Аймактык демократтар партиясынын мүчөсү Бекир Кайя өлкөдө тыюу салынган Күрдстан жумушчулар партиясына байланышы бар деп күнөөлөнүүдө. Мурда ал аталган партия менен байланышканы үчүн түрмөгө отуруп чыккан.

Түрк бийлиги буга чейин Күрдстан жумушчулар партиясына тиешеси бар делген 28 администрация башчыларын кызматтан кетирген.

Белгилей кетсек, Күрдстандын жумушчулар партиясынын мүчөлөрү 16-июлда Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган. Мындан улам түрк бийлиги аталган партияга тиешеси бар адамдарга чара колдонуу чечимин чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0