Кытайда кишини койдуруп кеткен айдоочу 19 жылдан кийин камалды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүБорьба с преступностью
Борьба с преступностью - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция качып кеткен айдоочуну интернет аркылуу таап, жашаган жерин аныктаган.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Шанхайдын полициясы 19 жыл мурда кишини тебелетип өлтүрүп алган айдоочуну камакка алды. Бул туурасында РИА Новости Shanghai Daily басылмасына таянып билдирди. 

Убийство таксиста в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Түндө Бишкекте таксист өлтүрүлүп, шектүү жаран кармалды
Кырсык 1997-жылы Шанхайдын райондорунун биринде болгон. Оор жүк ташыган автоунаанын айдоочусу велосипед менен келе жаткан аялды коюп кеткен. Полиция окуя болгон жерге келгенге чейин айдоочу изин жашырган. 

Бул жылдар бою тартип сакчылары ал кишини издеп таппай, быйылкы жылдын башында интернет аркылуу гана анын изине түшкөн. Иликтөөдө анын Аньхой провинциясынын Чэнь Банцин деп аталган аймагында жашап жатканы аныкталган. 

"19 жылдан бери ал окуя түшүмө кирип, кыйналып жүрдүм. Ушинтип жашагандан көрө анын ордуна өлүп калсам жакшы болмок", — деди ал кармалгандан кийин. 

Учурда ал камакта соттун өкүмүн күтүп отурат. Маалыматта ал эркинен 10 жылга чейин ажыратылышы мүмкүндүгү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0